Тазалык күнү: Соцфонд ишембилик өткөрдү.
Бүгүн, 2024-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эмгек жамааты республика боюнча «Улуттук тазалык күнүнө» карата өткөрүлүп жаткан ишембиликке катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө Социалдык фонддун эмгек жамааты бөлүнүп берилген аймак боюнча (трасса А365, Жаш Гвардия көчөсүнөн Юбилейная көчөсүнө чейинки аймакты) тазалоо, таштандыларды чогултуу иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликке активдүү катышкан кесиптештерге шаарыбыздын тазалыгын жакшыртууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чаралар кесиптештер арасындагы өз ара ынтымакты бекемдейт.
Эске салсак, аталган ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.