Бүгүн, 9-декабрда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата семинар-кеңешме өттү.
Иш-чарага Социалдык фонддун борбордук аппаратынын, мекемелик жана аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышып, Социалдык фонддун 2025-жылдагы коррупцияга каршы аракеттеринин жыйынтыктары талкууланды.
Семинар-кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү маанилүү жыйынтыктар белгиленди:
— 2025-жылы Социалдык фонддун коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен улуттук стратегиялык документтерге ылайык жүргүзүлдү. Иш-чаралар коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коштоосу, ошондой эле башка мамлекеттик органдар жана мекемелер менен тыгыз өз ара кызматташтыкта аткарылды;
— Коррупцияга каршы аракеттердин негизги багыттары катары ачыктык, отчеттуулук, сервистүүлүк, автоматташтыруу жана тобокелдиктерди минималдаштыруу багыттары белгиленди;
— Социалдык фонд коррупциянын алдын алуу ишин системалуу түрдө улантып, процесстерди кеңири автоматташтырып, маалыматтардын ачыктыгын жогорулатып, социалдык төлөмдөрдүн максаттуу пайдаланылышын бекем көзөмөлдөөнү камсыздап келет;
Социалдык фонд коррупцияга каршы ишмердүүлүгүн мамлекеттик стратегияга ылайык пландуу жана туруктуу негизде улантат.
Русский


