3-март: Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чара жана презентация уюштурулду.
2026-жылдын 3-мартында КР Социалдык фондунун борбордук аппаратынын имаратында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул күн өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн, биримдигинин жана улуттук сыймыгынын символу болгон мамлекеттик туу кабыл алынган дата катары өзгөчө мааниге ээ.
Аталган датага карата иш-чара өткөрүлүп, ага Соцфонддун борбордук аппаратынын кызматкерлери, Соцфонддун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун мекемесинин жана Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери катышты. Иш-чаранын алкагында мамлекеттик символдордун тарыхый мааниси, алардын мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү орду тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, Туу күнүнө карата Социалдык фонддун алдындагы Окуу борбору мекемеси тарабынан атайын презентация уюштурулуп, катышуучуларга мамлекеттик туу кабыл алынган тарыхый жагдайлар жана анын мааниси тууралуу кеңири баяндалды. Иш-чара жарандык жоопкерчиликти жана мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйды даңазалоо максатында өткөрүлдү.

Русский