📊 2025-жылы Социалдык фондго 8 796 кайрылуу келип түштү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2025-жылы жалпы 8 796 жарандык кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде:

• жазуу түрүндөгү кайрылуулар – 360;
• оозеки кайрылуулар – 1 036;
• КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган жарандар – 93;
• ишеним телефондору аркылуу – 4 950;
• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2 357.

📌 Жарандар төмөнкү негизги маселелер боюнча кайрылышууда:
• пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу;
• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;
• пенсияларды индексациялоо;
• пенсияга укук маселелери;
• пенсияны чектөө, өз убагында төлөө;
• пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө;
• топтомо пенсия алуу тартиби;
• Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилдерде жеткиликтүү жана толук жооптор берилүүдө.

📞 Кошумча маалымат алуу үчүн:
• Байланыш борбору: 1202
• Ишеним телефондору: 0312 57 66 61, 0312 54 33 16, 0 (555) 64-04-16