2025-жылдын январь–октябрь айларында Соцфондго 7 266 кайрылуу түштү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иштөө башкармалыгына 2025-жылдын январь–октябрь айларында жалпы 7 266 кайрылуу келип түштү.

Анын ичинде:
• жазуу түрүндө – 326
• оозеки – 890
• жетекчилик тарабынан жеке кабыл алуу – 83
• ишеним телефондору аркылуу – 4 265
• мобилдик ишеним телефону аркылуу – 1 702

Кайрылуулар негизинен төмөнкү темалар боюнча болду:
• пенсияларды жогорулатуу жана индексациялоо
• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери
• пенсияга укук жана пенсия чектөө тартиби
• пенсияны кайра эсептөө
• Мамлекеттин топтомо пенсиялык фондундагы топтоолорду алуу тартиби
• Соцфонддун ишмердүүлүгүнө байланышкан башка суроолор

Соцфонд бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңири түшүндүрмөлөрдү берүүнү улантууда.