📝 2025-жылдын январь-октябрь айларында 50495 жаранга пенсия чектелди!

🏛️ Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2025-жылдын январь-октябрь айларында 50495 жаранга пенсия чектеди.

📅Ошонун ичинде октябрь айында:
• 3669 жаранга пенсия чектелди
• 2330 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).

📞Пенсия тууралуу суроолорго жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылсаңыз болот!