2025-жылдын 25–26-декабрь күндөрү Бишкек шаарында IV Элдик курултай өтүүдө

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында уюштурулган.

Курултайдын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, элге кайрылуу жасайт. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жыл ичинде Министрлер Кабинети тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берет.

26-декабрда IV Элдик курултайдын жыйынтыктары чыгарылып, 2026-жылга карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары аныкталат.

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 700 делегат катышууда. Курултайдын ишин натыйжалуураак уюштуруу максатында быйыл анын форматы кеңейтилип, кошумча бир жумушчу күн киргизилди. Ага ылайык, 2025-жылдын 24-декабрында делегаттар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды башташты. Бул жолугушуулар Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөрүлдү.

Алдын ала уюштурулган жумушчу күндүн алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрү делегаттарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кабыл алышты. Жолугушууларга Социалдык фонддун төрагасы Б. Алиев, төраганын орун басары Э. Казаков, коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Ж. Мукамбетов жана пенсия чектөө башкармалыгынын башчысы Б. Ашималиева катышты.

Жолугушуулар учурунда делегаттар өз аймактарындагы жарандар тарабынан берилген кайрылууларды, сунуштарды жана көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бардык суроолор кылдат угулуп, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында түшүндүрмөлөр берилди, ошондой эле тиешелүү кайрылуулар мындан ары кароо жана иштеп чыгуу үчүн кабыл алынды.

Мындай түз форматтагы жолугушуулар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Элдик курултайдын делегаттарынын ортосунда конструктивдүү диалогду камсыз кылууга, ошондой эле жарандарды түйшөлткөн социалдык жана пенсиялык маселелерди терең жана предметтүү талкуулоого өбөлгө түздү.