2025-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда пенсиялар жогорулады.

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 1-октябрдан тартып пенсияларга индексация жүргүзүлдү.

– Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсиялар 10%га жогорулатылды, бирок 600 сомдон кем эмес өлчөмдө.
– Пенсиясы 50 000 сомдон ашкан пенсионерлердин пенсиясы 5 000 сомго жогорулады.
– Жалпы пенсиянын өлчөмү (бардык кошумчаларды эске алуу менен) 7100 сомдон төмөн болбойт, мыйзамда белгиленген өзгөчө учурларды эсепке албаганда.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо үчүн 2 млрд 43 млн сомдон ашык каражат каралган.

2025-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 818,7 миң пенсионер бар. Индексациядан кийин орточо пенсиянын көлөмү 11 226 сомду түздү.