План Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун

2025-жылдын 9-декабрындагы № 161 буйругу менен бекитилген

2025-2027-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча

иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө

МААЛЫМАТ

 

Мамлекеттик органдын аталышы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

Отчеттук мезгил (квартал, жыл): 2026-жылдын II кварталы

 

Глава1,

пункт, пунктча

Иш-чаранын аталышы2 Аткаруу мөөнөтү3 Ишке ашыруунун жыйынтыктары (жүргүзүлгөн иштер) Статус:

башталбаган; процессте; жарым-жартылай аткарылган; аткарылган; аткарылган эмес

1 Пп.1, п.1,

гл. 2

Ченемдик жана ички укуктук актылардын иштелип чыккан долбоорлоруна коррупцияга каршы алдын ала экспертиза жүргүзүү 2026-жыл ичинде      Борбордук аппараттын деңгээлинде макулдашууга келип түшкөн жана иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын 230 долбооруна жана локалдык укуктук актылардын 57 долбооруна карата юридикалык экспертиза (анын ичинде алдын ала коррупцияга каршы) жүргүзүлдү. Аткарылды
2 Пп.1, п.1,

гл. 2

Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окуу тренингин өткөрүү 2026-жылдын                1-кварталы     Социалдык фонддун аймактык жана ведомстволук мекемелери үчүн 2026-жылдын 31-мартында коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окуу тренинг өткөрүлдү. 

      Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча колдонмо Социалдык фонддун расмий сайтында жайгаштырылган.

Аткарылды
3 П. 8, гл. 2 Социалдык фонддун кабыл алынган ченемдик жана локалдуу укуктук актыларынын натыйжалуулугуна баа берүү үчүн алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү 2026-жылдын                2-кварталы       Коррупцияга каршы кабыл алынган ченемдик жана локалдуу укуктук актылардын натыйжалуулугун аныктоо максатында алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлгөн. Аткарылды
4 Пп.1, п.1,

гл. 6

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын корпоративдик

башкаруусун камсыздоо

дайыма       Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу боюнча Байкоочу кеңешинин 1 отуруму өткөрүлдү.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун өз алдынча башкаруу органы болуп социалдык камсыздандыруу системасында өз таламдарын билдирген ар бир тараптын тең укуктуу катышуу принциби боюнча түзүлүүчү (мамлекет, жумуш берүүчүлөр, кесиптик бирликтер, пенсия менен камсыз кылуу жана саламаттык сактоо бөлүгүндө жарандардын таламдарын билдирген коомдук бирикмелер жана уюмдар) мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш эсептелет.

Байкоочу кеңеш социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгууну, ошондой эле социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын финансылык жана укуктук аудитин жүзөгө ашырат; ченемдик укуктук базаны даярдоо боюнча ишти координациялайт; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана бюджети боюнча сунуштарды даярдайт.

Аткарылды
Пп.1, п. 1,

гл. 6

Пресс-кызмат аркылуу Социалдык фонддун иши жөнүндө актуалдуу материалдарды чагылдыруу Ишти чагылдыруу жыл сайын бекитилүүчү медиа-пландын негизинде жүзөгө ашырылат, анда:

1.    Пресс-конференциялар жана макалаларды жарыялоо;

2.    Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз

кылуу боюнча негизги окуялар жана макалалар;

3.    ТВ жана радио программаларына катышуу;

4.    Социалдык видеолор;

5.    Радио жана социалдык тармактар аркылуу пенсиялык

тутумдагы иш-аракеттер жана реформалар жөнүндө маалымат берүү;

6.    Социалдык фонддун сайтында жана социалдык

тармактарда онлайн жарнамалоо жана өз ара аракеттенүү:

http://socfond.kg/kg/

https://www.facebook.com/profile.php?id=100008384018333

https://www.facebook.com/socfondKG/

https://www.instagram.com/socfond_kg/

https://twitter.com/SocFondKG

https://www.youtube.com/channel/UC-nImaOEAlKEeQCqxYzvPNQ

https://ok.ru/profile/564665816463

https://ok.ru/socfondkg

https://web.telegram.org/a/#-1001509442568

7. Эл аралык кызматташтык боюнча басылмалар;

8. Расмий веб-сайтта жана социалдык баракчаларда үзгүлтүксүз жаңыртуулар;

9. Комментарийлердеги жана жеке билдирүүлөрдөгү суроолорго жооптор.

      2026-жылдын башынан тартып Социалдык фонддун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында 42 маалыматтык видеролик (“Түндүк” мобилдик тиркемесинде пенсия төлөө графиги, бийик тоолуу шарттарда жашаган жарандар үчүн пенсияга чыгуу шарттары, маалымкаттарды алуу, электрондук пенсиялык күбөлүгү, пенсиянын төлөнүшү, “Элкарт” картасынын колдонуу мөөнөтү, пенсия төлөөнү токтотуу жөнүндө, фейк, суроо-жооптор, түшүндүрмөлөр ж.б.); 59 маалыматтык-түшүндүрүү материалдары; Социалдык фонддун ай сайын жалпыланган статистикалык маалыматтары.

Социалдык фонддун Окуу борборунун базасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ошол эле учурда Окуу борборунун окуу программасына коррупцияга каршы үгүттөө боюнча темалар киргизилген.

  Жалпысынан, 2026-жылдын башынан тартып 89 мекеме-уюмдар боюнча угуучулардын саны 5746 адамды түздү (анын арасында жогорку, орто-кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана окуучулары – 2779, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери –  2029,  ишкерлер – 455, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери – 87, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолу доктринасы боюнча Социалдык фонддун кызматкерлери – 396).

 Социалдык фонддун жаңыртылган расмий сайты, анын ичинде “Коррупцияга каршы чаралар” бөлүгү толугу менен актуалдуу абалда каралып турат.

2026-жылдын 1 жарым жылында жарандардын жана юридикалык жактардын 18174 кайрылуусу каралган, алардын ичинен:

жазуу жүзүндөгү кайрылуулар – 315;

оозеки кайрылуулар – 569;

КР СФ жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл

алуусу – 33;

Ишеним телефону – 2954;

Уюлдук ишеним телефону – 1460;

“Пикир” – 40;

Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” программасында – 9 кайрылуу;

Call-борбору – 11398 (анын ичинде  чалуулар – 3181, чат аркылуу – 8217).

Ар бир Социалдык фонддун жергиликтүү башкармалыктарынын имараттарында коррупцияга каршы маалымат, үгүт плакаттары, коррупциялык жүрүм-турум пайда болгон учурда байланыш маалыматтары бар стенддер орнотулган. Социалдык фонддун имараттарынын фойелеринде жарандардан арыздарды кабыл алуу үчүн ящиктер орнотулган.

Социалдык фонддун Борбордук аппаратында жана ар бир райондук/шаардык башкармалыктарында жетекчилери тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлөт;

      Ишеним телефондору; Call-борбору; e-mail: help@sf.kg күнү-түнү иштейт.

       “Пикир” автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүүнүн алкагында Социалдык фонддун бардык администрациялык имараттарында (анын ичинде райондук, шаардык башкармалыктарда) QR коддору бар атайын табличкалар орнотулган, алардын жардамы менен жарандар фонддун иши жөнүндө пикир же сунуш калтыра алышат.

Аткарылды
Пп.1, п. 1,

гл. 6

 

П.2, гл. 10

Жарандык коомдун, Социалдык фонддун кызматкерлеринин арасында окутуу жана маалыматтык- түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Аткарылды
Пп.1, п. 1,

гл. 6

Социалдык фонддун кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм- туруму байкалган учурлар жөнүндө жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды

жарыялоо

      Социалдык фонддун кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм-турумунун көрүнүштөрү болгон учурлар катталган жок. Аткарылды
Пп.1, п. 1,

гл.6

Социалдык фонддун карамагында турган

маалыматтарды жарандар жана уюмдар үчүн

маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берүү

Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында камсыздандырылган жарандарга пенсия дайындоо, кайра эсептөө, төлөө каналын өзгөртүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана башка кайрылуулар боюнча “Жеке кабинет” (173 792 колдонуучу) аркылуу көчүрмөлөрдү алуу укугу берилди.

Социалдык фонддун карамагындагы маалымат жарандарга жана уюмдарга маалыматты, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматты алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туруктуу негизде берилет.

        2026-жылдын башынан бери жарандардын 54 807, финансы-кредит уюмдарынын 8 210 343 суроо-талаптарына жооптор берилди.

Аткарылды
Пп.1, п. 1,

гл.6

Иштелип чыгуучу ЧУА долбоорлоруна коомдук

талкуулоону камсыздоо

       Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталы аркылуу Социалдык фонд тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы 5 ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коомдук талкуулоо өткөрүлдү (анын арасында 3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорлору, 1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору). Аткарылды
Пп.1, п.4,

гл. 7

Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө маалыматты коомго

жарыялоо

      Отчеттук мезгилде Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүндө 8 вакансия боюнча конкурстук тандоо жөнүндө 6 кулактандыруу жайгаштырылган. Аткарылды
Пп. 1, п. 19, гл. 9 Коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматты расмий сайтка мезгилдүүлүгү менен жарыялоо мезгил мезгили менен      2026-жылдын башынан тартып Социалдык фонддун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында 42 маалыматтык видеролик (“Түндүк” мобилдик тиркемесинде пенсия төлөө графиги, бийик тоолуу шарттарда жашаган жарандар үчүн пенсияга чыгуу шарттары, маалымкаттарды алуу, электрондук пенсиялык күбөлүгү, пенсиянын төлөнүшү, “Элкарт” картасынын колдонуу мөөнөтү, пенсия төлөөнү токтотуу жөнүндө, фейк, суроо-жооптор, түшүндүрмөлөр ж.б.); 59 маалыматтык-түшүндүрүү материалдары; Социалдык фонддун ай сайын жалпыланган статистикалык маалыматтары.

Социалдык фонддун жаңыртылган расмий сайты, анын ичинде “Коррупцияга каршы чаралар” бөлүгү толугу менен актуалдуу абалда каралып турат. Отчеттук мезгилде коррупцияга каршы иш-аракеттер жөнүндө маалымат Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылган:

1) антикоррупциялык иштердин кварталдык жыйынтыктары;

2) КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңешме семинардын маалыматы.

Аткарылды
5 Пп.3, п.3,

гл. 5

Кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуу тобокелдигин

азайтуу

дайыма       “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, кызматтык милдеттерин аткарууда жеке кызыкчылыкты эске албаганда, Социалдык фонддун ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкарууну уюштуруу максатында, КР Социалдык фондунун 27.06.2025-ж. № 81 буйругу менен Социалдык фонддун ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу тартиби бекитилген.

       “Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу” темасы боюнча Социалдык фонддун райондук/шаардык башкармалыктарынын юрист кызматкерлерине семинар-окуу өткөрүлдү (08-10.04.2026-ж.).

Аткарылды
Пп. 1, пп. 3, п. 3, гл. 5 Социалдык фонддун кызматкерлеринин кесиптик этикасынын

сакталышын камсыздоо

дайыма       Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде  коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштардын сакталышына маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.

      Социалдык фонддун райондук/шаардык башкармалыктарынын юрист кызматкерлерине төмөнкү темалар боюнча семинар-окуу өткөрүлдү:

–   “Социалдык фонддун кызматкерлеринин кызматтык этикасы”                  (08-10.04.2026-ж.).

–   “Мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык этикасы”, лектор – КР Башкы прокуратурасынын улук прокурору А.Т. Тургунбекова                             (15-17.04.2026-ж.).

Аткарылды
Пп. 3, п. 1,

гл. 5

Кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча

сунуштамасын сактоосун камсыздоо

дайыма        КР Социалдык фондунун 27.02.2023-ж. № 48 буйругу менен Социалдык фонддун коррупцияга каршы декларациясы жана кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-туруму боюнча сунуштар бекитилген.

      Социалдык фонддун коррупцияга каршы декларациясы расмий ведомстволук сайтында жайгаштырылган жана туруктуу пайдалануу үчүн жеткиликтүү.

      Ошондой эле, Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде  коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштардын сакталышына маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.

Аткарылды
П.3, гл. 6 Коррупциялык кылмыштардын

белгилерин камтыган фактылар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү

2026-жыл ичи, фактылар пайда болгондо       Коррупциялык жана экономикалык кылмыштар аныкталган учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Аткарылды
6 Пп.1., п. 4,

гл. 1

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызматка алынбашын камсыз кылуу дайыма        Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызматка алууга тыюу салууну киргизүү максатында “КРСФ бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө” жобосу өзгөртүлүп иштелип чыкты (КРСФ Башкармасынын № 100 токтому, 18.12.2025-ж.). Аткарылды
7 Пп. 1, п. 1,

гл. 1

Жарандын КРСФ кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин тапшыруусу

 

дайыма       Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чектөөлөргө макулдугу жана кабыл алууга милдеттенменин формасы КР Социалдык фондунун 27.06.2025-ж. № 81 буйругу менен бекитилген.

      Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын                  29.01.2025-ж. № 19-1581 тапшырмасын аткаруу максатында Социалдык фонддун бардык кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чектөөлөргө макулдугу жана чектөөлөрдү кабыл алууга милдеттенмелерди толтурушкан.

Аткарылды
8 Пп. 1, п. 4,

гл. 1

Конкурстук тандоо аркылуу квалификациялуу адистерди жумушка дайындоо, карьералык тепкичке көтөрүлүү (кесиптик эмгегине жараша)

 

дайыма       “КРСФ бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө” КРСФ Башкармасынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 100 токтому менен бош кызмат орундарына кабыл алуу, квалификациялуу адистерди жумушка дайындоо, карьералык тепкич боюнча көтөрүлүү үчүн талапкерлерди тандоонун тартиби аныкталган (кесиптик эмгегине жараша). Аткарылды
9 Пп. 2, п. 1,

гл. 6

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сайтындагы «Жеке кабинет», ошондой эле «Түндүк» ЭВӨТ аркылуу контаксыз ыкма менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо дайыма  Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында камсыздандырылган жарандарга пенсия дайындоо, кайра эсептөө, төлөө каналын өзгөртүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана башка кайрылуулар боюнча “Жеке кабинет” (173 792 колдонуучу) аркылуу көчүрмөлөрдү алуу укугу берилди.

Социалдык фонддун карамагындагы маалымат жарандарга жана уюмдарга маалыматты, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматты алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туруктуу негизде берилет.

        2026-жылдын башынан бери жарандардын 54 807, финансы-кредит уюмдарынын 8 210 343 суроо-талаптарына жооптор берилди.     

         Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылдын  29-июнундагы № 90 буйругуна ылайык башка региондордо катталган жерине карабастан бардык жарандар үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөтүү Социалдык фонддун Биринчи май райондук башкармалыгынын базасында жүргүзүлүп келет. Жалпысынан,                              2022-жылдын 1-апрелинен тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде 12 768 жаранга бирдиктүү терезе принциби менен кызматтар көрсөтүлгөн, анын ичинде ушул жылдын башынан бери 348 жаранга.   

Аткарылды
Пп. 3, п. 1,

гл. 6

Пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү республиканын финансы- кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөө 2026-жыл ичи       Финансы-кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөнгөн пенсиялардын үлүшү 84% (692,4 миң адамдан көп) түздү.

 

Аткарылды
  П. 3, гл. 6 Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга

байланыштуу кайрылууларды

(даттанууларды) кароо жана талдоо

2026-

жылдын

1-кварталы

(2025-

жылдын жыйынтыгы боюнча)

      Социалдык фонддун Башкармасынын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйынында (19.02.2026-ж.) бардык кайрылуулар (даттануулар) боюнча маалымат угулду. Чара көрүүнү талап кылган коррупциялык даттануулар катталган жок.

 

 

 

Аткарылды
П. 3, гл. 6 Кайрылууларга коррупциянын алдын алуу чараларын көрүү менен талдоо жүргүзүүнү тартипке келтирүү 2026-жыл ичи       Социалдык фонддо коррупциянын алдын алуу максатында жарандардын кайрылууларына талдоо жүргүзүү тартибинин долбоору иштелип чыкты. Аткаруу мөөнөтү келе элек
10 Пп. 1, п. 1,

гл. 7

Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун жарыялоону жана

коомдук талкуулоону камсыздоо

2026-жылдын

экинчи жарым жылдыгы

      Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кийинки жылга бюджети жөнүндө мыйзам долбоору иштеп чыгуу стадиясында турат. Аткаруу мөөнөтү келе элек
Социалдык фонддун 2025-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө

отчетунун долбооруна коомдук талкуулоону камсыздоо

2026-жылдын

биринчи жарым жылдыгы

      Социалдык фонддун 2025-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунун долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы аркылуу коомдук талкуудан өткөрүлдү (07.04.2026-ж. – 17.04.2026-ж.). Аткарылды
Пенсияларды каржылоо жөнүндө маалыматтарды

жарыялоо

ай сайын        Пенсияларды каржылоо жөнүндө маалыматтар ай сайын Социалдык фонддун сайтында жарыяланып турат.

      2026-жылдын январь-июнунда пенсияларды төлөөгө керектелүүчү сумма  55 798,7 млн. сом көлөмүндө толук көлөмдө каржыланды.

      Пенсия төлөө боюнча карыз жок.

Аткарылды
11 П. 4, гл. 7 Каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартипти сактоо аудити 2026-жыл ичи       Социалдык фонддун регионалдык органдарында ички аудит бекитилген пландарга ылайык жүргүзүлүүдө. Аткарылды
Гл. 7 «Кыргыз почтасы» ААК байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсия төлөөдө мыйзам бузууларды аныктоо ай сайын       “Кыргыз почтасы” ААК менен текшерүүлөрдүн биргелешкен пландары бардык 53 аймактык бөлүмдөрдө түзүлгөн. Пенсия төлөө тартибинин сакталышына     бекитилген пландарга ылайык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Аткарылды
Гл. 7 Республиканын финансы-кредиттик мекемелеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

каражаттарын максаттуу пайдаланышын контролдоо

күн сайын        Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо Социалдык фонд менен коммерциялык банктардын ортосунда кол коюлган келишимдердин жана ай сайын түзүлүүчү салыштыруу актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат.         Азыркы учурда Социалдык фонд республиканын 18 коммерциялык банкы менен кызматташат. Аткарылды
Пп. 1, п. 1,

гл. 7

Социалдык фонддун кызматкерлеринин тартип бузуулары, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүү үчүн жеткиликтүү каналдарды камсыздоо дайыма  Ишеним телефондору, Call-центр, электрондук почта иштейт, Социалдык фонддун борбордук аппаратында жана регионалдык органдарында каттар үчүн ящиктер орнотулган, жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп жатат, 2026-жылдын 1 жарым жылында жарандардын жана юридикалык жактардын 18174 кайрылуусу каралган, алардын ичинен:

жазуу жүзүндөгү кайрылуулар – 315;

оозеки кайрылуулар – 569;

КР СФ жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл

алуусу – 33;

Ишеним телефону – 2954;

Уюлдук ишеним телефону – 1460;

“Пикир” – 40;

Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” программасында – 9 кайрылуу;

Call-борбору – 11398 (анын ичинде  чалуулар – 3181, чат аркылуу – 8217).

Аткарылды
Гл. 7 Сатып алуу жол- жоболорунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн, айкындыгын жана отчеттуулугун камсыздоо дайыма       Мамлекеттик сатып алуулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамынын негизинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жүргүзүлөт.

      24 конкурстук жарыянын арасынан 8 орундалды. 18 бир булактан.

Аткарылды
12 Пп. 3, п. 1,

гл. 9

Маалыматты иштеп чыгуу, берүү жана

жайылтуунун, интернет- ресурстар аркылуу электрондук форматта кызмат көрсөтүүнүн санариптик

технологияларынын негизинде башкаруу системасынын иштеши

дайыма       Социалдык фонд тарабынан төмөнкү автоматташтырылган маалыматтык системалар ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат:

      Социалдык фонддун ишинин маалыматтык башкаруу системасы, өзүнө жеке эсепке алуу; пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө; кирешелерди эсепке алуу; пенсияны төлөөнү эсепке алуу; башкаруучу компаниялар менен иш алып баруу боюнча функционалдык блокторду камтыйт.

      «е-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу маалыматтык системасы, Социалдык фонддо, мекеме алдындагы жана аймактык органдарында ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат.

      «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү маалыматтык системасы, Социалдык фонддо, мекеме алдындагы жана аймактык органдарында ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат.

     «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» автоматташтырылган маалыматтык системасы, Социалдык фонддун ишинин маалыматтык башкаруу системасы менен байланыштырылган (173 792 колдонуучу).

      Азыркы учурда иштеп жаткан санариптик инфраструктура аркылуу мамлекеттик кызматтар жана санариптик сервистер көрсөтүлүп жатат. Санариптик экосистема иштеп жатат.

     Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо процесстери санариптик түрдө аткарылып жатат.

Социалдык фонддун маалымат базасында:

–          төлөөчүлөр;

–          жумушчулар;

–          пенсионерлер боюнча маалыматтар бар.

     Социалдык фонд “Түндүк” ВЭӨСкө кошулган жана мамлекеттик органдарга “Түндүк” ВЭӨС аркылуу маалымат берип турат.

      Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу Социалдык фонд төмөнкүдөй электрондук кызматтарды көрсөтөт:

–          камсыздандырылган адамдын иштөө мөөнөтү жөнүндө маалымат;

–          камсыздандырылган жактын камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалымат;

–          пенсия алуучу жөнүндө маалымат;

–          пенсионердин статусу жөнүндө маалымат;

–          топтомо пенсиялык фонддон алынган маалымат.

     Социалдык фонддун маалыматы “Түндүк” ВЭӨС аркылуу 16 мамлекеттик органга, 51 коммерциялык банктарга жана микрокредиттик компанияларга берилет. Социалдык фонд калган мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар жана микрокредиттик компаниялар менен келишимдерди түзүү боюнча мындан аркы тийиштүү иштерди алардын “Түндүк” ВЭӨС  ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында маалымат алмашуу боюнча даяр болушуна жараша жүргүзүүдө.

Аткарылды
Пп. 2, п. 1,

п. 2, п. 11,

гл. 9

 

«Түндүк» ЭВӨТ аркылуу мамлекеттик органдар, коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашууну камсыздоо дайыма Аткарылды
13 П. 12, гл. 9 Интернет-ресурстар аркылуу кызмат

көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүндүгү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун кеңейтүү боюнча практикалык чараларды көрүү

дайыма       КР Социалдык фондунун иши жөнүндө жарандарды маалымдоо жыл сайын бекитилүүчү медиа план боюнча жүргүзүлөт, ага ылайык туруктуу негизде активдүү маалыматтык иштер жүргүзүлөт. Камтуунун негизги багыттарына социалдык тармактардагы жарыялоолор, ЖМК менен өз ара аракеттенүү, Социалдык фонддун кызматкерлеринин радиостанциялардын жана телеканалдардын эфиринде чыгып сүйлөөлөрү, ошондой эле калк, билим берүү, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар арасында окутуу иш-чараларын өткөрүү кирет.

      2026-жылдын башынан тартып калкка көрсөтүлүүчү электрондук кызматтар жөнүндө маалымдоо бөлүгүндө, Социалдык фонддун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында 42 маалыматтык видеролик (“Түндүк” мобилдик тиркемесинде пенсия төлөө графиги, бийик тоолуу шарттарда жашаган жарандар үчүн пенсияга чыгуу шарттары, маалымкаттарды алуу, электрондук пенсиялык күбөлүгү, пенсиянын төлөнүшү, “Элкарт” картасынын колдонуу мөөнөтү, пенсия төлөөнү токтотуу жөнүндө, фейк, суроо-жооптор, түшүндүрмөлөр ж.б.); 59 маалыматтык-түшүндүрүү материалдары, Социалдык фонддун ай сайын жалпыланган статистикалык маалыматтары.

       Социалдык фонддун Окуу борборунун базасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө пенсиялык сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча, анын ичинде электрондук санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана контактсыз ыкма менен кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Жалпысынан, 2026-жылдын башынан тартып 89 мекеме-уюмдар боюнча угуучулардын саны 5749 адамды түздү (анын арасында жогорку, орто-кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана окуучулары – 2779, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери – 2029, ишкерлер – 455, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери – 87, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолу доктринасы боюнча Социалдык фонддун кызматкерлери – 396).

       Ошондой эле, Социалдык фонддун Окуу борбору тарабынан пенсия курагындагы жарандар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз практикалык курстар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат (2026-жылдын башынан бери 12 пенсионер үчүн жалпысынан 12 сааттык көлөмдө 6 курс).

Аткарылды
14 П. 9, гл. 9 Электрондук документ жүгүртүүнү камсыздоо дайыма        Документ жүгүртүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат.

       Күнүмдүк ишинде Социалдык фонддун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө киргизилген “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүүнүн маалыматтык системасы колдонулат.

Аткарылды
15 Пп. 2, п. 1,

гл. 12

Коррупцияга каршы тематикада конференция, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү 2026-жыл 1)             Коррупцияга каршы тематика боюнча иш-чаралар өткөрүлдү:

2)            1) Социалдык фонддун райондук, шаардык башкармалыктарынын юристтери үчүн төмөнкү темаларда окутуу семинары:

3)            – “Социалдык фонддун кызматкерлеринин кызматтык этикасы”                  (08-10.04.2026-ж.);

4)            – “Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу” (08-10.04.2026-ж.);

5)             – “Коррупциялык кылмыштардын криминологиялык мүнөздөмөсү”, лектор – полковник, КР УКМК академиясынын юридика илимдеринин доценти Семеев К.Т., (15-17.04.2026-ж.);

6)              – “Мамлекеттик кызматчылардын кызматтык этикасы”, лектор – КР Башкы прокуратурасынын улук прокурору Тургунбекова А.Т.                  (15-17.04.2026-ж.).

7)              2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме (28.04.2026-ж.);

8)              3) “Коррупцияга каршы экспертиза – негиздери жана практикалык колдонуу” темасындагы окутуу семинары (31.03.2026-ж.);

9)              4) “Коррупцияга каршы аракеттенүү – улуттук өнүгүүнүн негизги шарты” (Кыргыз Республикасынын “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасынын негизинде) (19.02.2026-ж.);

       5) “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коррупцияга каршы ишмердүүлүгүндө мамлекеттик жана расмий тилдердин мааниси” темасындагы окутуу семинары (19.02.2026-ж.).

       Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен Коррупция жана кирешелерди адалдоо маселелерин изилдөө Борбордук Азия институту менен өз ара аракеттенип 2026-жылдын апрель – июнь айларында уюштурган “Мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы комплаенс боюнча коррупцияга каршы мектеп” программасынын алкагында өткөрүлгөн тренингдерге Социалдык фонддун өкүлү катышты                          (07-09.04.2026-ж., 19-21.05.2026-ж., 02-04.06. 2026-ж.).

Аткарылды
16 Пп.2, п. 1,

гл. 12

Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алып коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү

жөнүндө отчет даярдоо үчүн ички мониторинг жүргүзүү

мезгилдүүлүгү менен       Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор квартал сайын жана жыл сайын берилет. 2025-жылдын жана 2026-жылдын 1-2-кварталынын отчеттору өз убагында берилген.

     2025-жылдагы коррупцияга каршы иштердин жыйынтыгы КР Социалдык фондунун Башкармасынын жыйынында угулду.

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын                                27-июнундагы № 547 тескемеси менен бекитилген коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби аткарууга алынып, иште колдонууда.

Аткарылды
17 Пп.2, п. 1,

гл. 12

Социалдык фонддун расмий сайтына планды аткаруу боюнча отчетту жайгаштыруу Квартал сайын       Коррупцияга каршы пландын аткарылышы жөнүндө отчеттор Социалдык фонддун расмий сайтына жайгаштырылган. Аткарылды