2024-жылдын январь-июль айларында 35248 жаранга пенсия дайындалып чектелди.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-июль айларында 35248 жаранга пенсия чектеди.
Ошонун ичинде 2024-жылы июль айында 1205 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 271 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.