План

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2024-жылдын 25-июлундагы № 220 буйругу менен бекитилген

2025-2027-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча

иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө

МААЛЫМАТ

Мамлекеттик органдын аталышы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

Отчеттук мезгил (квартал, жыл): 2025-жылдын II кварталы

 

Глава1,

пункт, пунктча

Иш-чаранын аталышы2 Аткаруу мөөнөтү3 Ишке ашыруунун жыйынтыктары (жүргүзүлгөн иштер) Статус:

башталбаган; процессте; жарым-жартылай аткарылган; аткарылган; аткарылган эмес

1 2-гл. 1-п.

1-пунктчасы

 

Иштелип чыгуучу ЧУА жана локалдык ченемдик актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертизаны алдын ала өткөрүү Отчеттук

мезгил аралыгында

      Алдын ала коррупцияга каршы экспертиза борбордук аппараттын деңгээлинде макулдашууга келип түшкөн жана иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын 171 долбооруна жана локалдык укуктук актылардын 61 долбооруна карата жүргүзүлдү. Аткарылды
2 2-гл. 1-п.

1-пунктчасы

 

Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окутуучу тренинг өткөрүү 2025-жылдын

1-кварталы

 

     Социалдык фонддун аймактык жана ведомстволук мекемелери үчүн                            2025-жылдын 31-мартында коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окуу тренинг өткөрүлдү.  

      Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча колдонмо Социалдык фонддун расмий сайтында жайгаштырылган.

Аткарылды
3 6-гл. 1-п.

1-пунктчасы

 

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу  тутумунун корпоративдик башкаруусун камсыздоо Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

 

      Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу боюнча Байкоочу кеңешинин 2 отуруму өткөрүлдү.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун өз алдынча башкаруу органы болуп социалдык камсыздандыруу системасында өз таламдарын билдирген ар бир тараптын тең укуктуу катышуу принциби боюнча түзүлүүчү (мамлекет, жумуш берүүчүлөр, кесиптик бирликтер, пенсия менен камсыз кылуу жана саламаттык сактоо бөлүгүндө жарандардын таламдарын билдирген коомдук бирикмелер жана уюмдар) мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш эсептелет.

Байкоочу кеңеш социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгууну, ошондой эле социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын финансылык жана укуктук аудитин жүзөгө ашырат; ченемдик укуктук базаны даярдоо боюнча ишти координациялайт; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана бюджети боюнча сунуштарды даярдайт.

Аткарылды
6-гл. 1-п.

1-пунктчасы

 

 

2. Социалдык фонддун ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу материалдарды пресс-кызмат аркылуу чагылдыруу

 

Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

 Ишти чагылдыруу жыл сайын бекитилүүчү медиа-пландын негизинде жүзөгө ашырылат, анда:

1.    Пресс-конференциялар жана макалаларды жарыялоо;

2.    Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз

кылуу боюнча негизги окуялар жана макалалар;

3.    ТВ жана радио программаларына катышуу;

4.    Социалдык видеолор;

5.    Радио жана социалдык тармактар аркылуу пенсиялык

тутумдагы иш-аракеттер жана реформалар жөнүндө маалымат берүү;

6.    Социалдык фонддун сайтында жана социалдык

тармактарда онлайн жарнамалоо жана өз ара аракеттенүү:

http://socfond.kg/kg/

https://www.facebook.com/profile.php?id=100008384018333

https://www.facebook.com/socfondKG/

https://www.instagram.com/socfond_kg/

https://twitter.com/SocFondKG

https://www.youtube.com/channel/UC-nImaOEAlKEeQCqxYzvPNQ

https://ok.ru/profile/564665816463

https://ok.ru/socfondkg

https://web.telegram.org/a/#-1001509442568

7. Эл аралык кызматташтык боюнча басылмалар;

8. Расмий веб-сайтта жана социалдык баракчаларда үзгүлтүксүз жаңыртуулар;

9. Комментарийлердеги жана жеке билдирүүлөрдөгү суроолорго жооптор.

Социалдык фонддун Окуу борборунун базасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ошол эле учурда Окуу борборунун окуу программасына коррупцияга каршы үгүттөө боюнча темалар киргизилген.

 Отчеттук мезгилде угуучулардын жалпы саны 1690 болуп, алардын ичинен: студенттер жана окутуучулар – 669; уюмдар жана ишканалар – 583; орто мектептер – 438.

 Социалдык фонддун расмий сайты, анын ичинде “Коррупцияга каршы чаралар” бөлүгү толугу менен жаңыртылды жана актуалдуу абалда каралып турат. Отчеттук мезгилде коррупцияга каршы иш-аракеттер жөнүндө маалымат Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылган:

1) 2025-жылдын 2-кварталындагы антикоррупциялык иштердин жыйынтыктары;

2) КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңешме семинардын маалыматы;

3) Коррупцияга каршы кеңештин баш катчысынын кайрылуусу;

4) коррупцияга каршы мыйзамдар, анын ичинде жазык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат жаңыртылды.

Отчеттук мезгилде жарандардын жана юридикалык жактардын 15 658 кайрылуусу каралган, алардын ичинен:

–       жазуу жүзүндөгү кайрылуулар – 203;

–       оозеки кайрылуулар – 508;

–       КР СФ жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл

алуусу – 58;

–       Ишеним телефону – 2541;

–       Уюлдук ишеним телефону – 965;

–       Call-борбору – 11383.

Ар бир Социалдык фонддун жергиликтүү башкармалыктарынын имараттарында коррупцияга каршы маалымат, үгүт плакаттары, коррупциялык жүрүм-турум пайда болгон учурда байланыш маалыматтары бар стенддер орнотулган. Социалдык фонддун имараттарынын фойелеринде жарандардан арыздарды кабыл алуу үчүн ящиктер орнотулган.

Социалдык фонддун Борбордук аппаратында жана ар бир райондук/шаардык башкармалыктарында жетекчилери тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлөт;

Ишеним телефондору; Call-борбору; e-mail: help@sf.kg күнү-түнү иштейт.

Аткарылды
6-гл. 1-п.

1-пунктчасы

 

10-гл. 2-п.

3. Жарандык коом арасында маалыматтык- түшүндүрүү жана окутуу иштерин жүргүзүү

 

Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

Аткарылды
6-гл. 1-п.

1-пунктчасы

4. Социалдык фонддун

кызматкерлеринин

коррупциялык жүрүм-турумунун көрүнүштөрү болгон учурларын жана көрүлгөн чаралары тууралу маалыматтарды жарыялоо

Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

      Социалдык фонддун кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм-турумунун көрүнүштөрү болгон учурлар катталган жок Аткарылды
6-гл. 1-п.

1-пунктчасы

5. Социалдык фонддун карамагында турган маалыматтарды жарандар жана уюмдар үчүн маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берүү

 

Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында камсыздандырылган жарандарга пенсия дайындоо, кайра эсептөө, төлөө каналын өзгөртүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана башка кайрылуулар боюнча “Жеке кабинет” аркылуу көчүрмөлөрдү алуу укугу берилди.

Социалдык фонддун карамагындагы маалымат жарандарга жана уюмдарга маалыматты, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматты алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туруктуу негизде берилет.

2025-жылдын башынан бери жарандардын 61570, финансы-кредит уюмдарынын 5 144 019 суроо-талаптарына жооптор берилди.

Аткарылды
6-гл. 1-п.

1-пунктчасы

6. Иштелип чыгуучу ЧУА долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыздоо Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталы аркылуу Социалдык фонд тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы 7 ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коомдук талкуулоо өткөрүлдү. Аткарылды
7-гл. 4-п.

1-пунктчасы

7. Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө маалыматты ачык жарыялоо Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

Отчеттук мезгилде Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүндө 9 вакансия боюнча конкурстук тандоо жөнүндө 4 кулактандыруу жайгаштырылган. Аткарылды
9-гл. 19-п.

1-пунктчасы

8. Коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматты расмий сайтка мезгил-мезгили менен жарыялоо Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

Социалдык фонддун расмий сайты, анын ичинде “Коррупцияга каршы чаралар” бөлүгү толугу менен жаңыртылды жана актуалдуу абалда каралып турат. Отчеттук мезгилде коррупцияга каршы иш-аракеттер жөнүндө маалымат Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылган:

1) 2025-жылдын 2-кварталындагы антикоррупциялык иштердин жыйынтыктары;

2) КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңешме семинардын маалыматы;

3) Коррупцияга каршы кеңештин баш катчысынын кайрылуусу;

4) коррупцияга каршы мыйзамдар, анын ичинде жазык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат жаңыртылды.

Аткарылды
4 5-гл. 3-п.

3-пунктчасы

 

 

1.Кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуу тобокелдигин азайтуу 2025-жылдын

1-жарым жылдыгы

“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, кызматтык милдеттерин аткарууда жеке кызыкчылыкты эске албаганда, Социалдык фонддун ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкарууну уюштуруу максатында, КР Социалдык фондунун 27.06.2025-ж. № 81 буйругу менен Социалдык фонддун ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу тартиби бекитилген. Аткарылды
5-гл., 3-п.,

1 жана 3-пунктчалары

 

2. Социалдык фонддун кызматкерлеринин кесиптик этикасын сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

 

 

Ар бир жарым жылдыкта       Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде  кесиптик этиканы сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.

      Социалдык фонддун кызматкерлери арасында 2025-жылдын 3-кварталына пландаштырылган семинар-окууларга кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу, кызматкерлердин жүрүм-турумунун этикасы темалары боюнча лекциялык материалдар даярдалды.

Аткарылды
5-гл. 1-п.

3-пунктчасы

 

3. Кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштарды сактоосун камсыз кылуу Дайыма       КР Социалдык фондунун 27.02.2023-ж. № 48 буйругу менен Социалдык фонддун коррупцияга каршы декларациясы жана кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-туруму боюнча сунуштар бекитилген.

      Социалдык фонддун коррупцияга каршы декларациясы расмий ведомстволук сайтында жайгаштырылган жана туруктуу пайдалануу үчүн жеткиликтүү.

      Ошондой эле, Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде  коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштардын сакталышына маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.

Аткарылды
5-гл. 2-п.

 

4. Эмгекке акы төлөө шарттарын жана системасын жакшыртуу Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

      Социалдык фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                   2025-жылдын 17-апрелиндеги № 209 токтому менен  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Аткарылды
6-гл. 3-п.

 

5. Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүү 2025-жыл аралыгында фактылар жаралган учурда

 

 

     Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар аныкталган жок. Аткарылды
5 1-гл. 4-п.

1-пунктчасы

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызмат ордуна кабыл алууга тыюу салууну киргизүү Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

Локалдык ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгуу Процессте
6 1-гл. 1-п.

1-пунктчасы

Кызматкерлер үчүн

коррупциянын алдын алууга белгиленген тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн жана милдеттердин системасын тизмени туура структуралоо жана кеңейтүү жолу менен өркүндөтүү

2025-жылдын

1-жарым жылдыгы

      Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чектөөлөргө макулдугу жана кабыл алууга милдеттенменин формасы КР Социалдык фондунун 27.06.2025-ж. № 81 буйругу менен бекитилген.

      Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын                  29.01.2025-ж. № 19-1581 тапшырмасын аткаруу максатында Социалдык фонддун бардык кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чектөөлөргө макулдугу жана чектөөлөрдү кабыл алууга милдеттенмелерди толтурушкан.

Аткарылды
7 1-гл. 4-п.

1-пунктчасы

Ачыктык, ак ниеттүүлүк, ырааттуулук жана натыйжалуулук принциптеринде конкурстук тандоонун, квалификациялуу адистерди жумушка дайындоонун, карьералык тепкич боюнча (кесиптик эмгегине жараша) жогорулоонун системасын өркүндөтүү Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

     “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын токтомуна тандоону өткөрүү тартиби бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү. Процессте
8 6-гл. 1-п.      2-пунктчасы 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Социалдык фонддун сайтында “Түндүк” ЭВӨС, электрондук “жеке кабинет” аркылуу контактсыз ыкма менен, ошондой эле КТБда көрсөтүүнү камсыз кылуу Дайыма     “Түндүк” ЭВӨС, электрондук “жеке кабинет”, КТБ аркылуу электрондук кызматтар көрсөтүлүүдө (үстүбүздөгү жылы 38 073 620, 2019-жылдан тартып бүткүл мезгил үчүн 109 429 405).

 

Аткарылды
9 6-гл. 1-п.      3-пунктчасы 2. Пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү республиканын финансы-кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөө Дайыма       Финансы-кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөнгөн пенсиялардын үлүшү 82% (663,0 миң адамдан көп) түздү.

 

Аткарылды
10 6-гл. 3-п. 1. Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо 2025-жылдын

1-кварталында

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча

 

      2025-жылдын 19-февралында Социалдык фонддун башкармасынын                      2024-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйынында бардык кайрылуулар (даттануулар) боюнча маалымат угулду (каралып чыккан кайрылууларда (даттанууларда) Социалдык фонддун кызматкерлеринин ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери аныкталган жок). Аткарылды
11 7-гл. 1-п.

1-пунктчасы

1.Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбооруна коомдук талкуулоону камсыз кылуу жана жарыялоо 2025-жылдын

2-жарым жылдыгы

      Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштыруу. Аткаруу мөөнөтү жете элек
2. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттун долбооруна коомдук талкуулоону камсыз кылуу 2025-жылдын

1-жарым жылдыгы

      Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунун долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталы аркылуу коомдук талкуудан өткөрүлдү (20.03.2025-ж. – 19.04.2025-ж.). Аткарылды
3. Пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо Ай сайын       Пенсияларды каржылоо жөнүндө маалыматтар ай сайын Социалдык фонддун сайтында жарыяланып турат.

      Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда пенсияларды төлөөгө керектелүүчү сумма 51 766,6 млн. сом көлөмүндө толук көлөмдө каржыланды.

      Пенсия төлөө боюнча карыз жок.

Аткарылды
12 7-гл. 4-п. 1. Каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартипти сактоо аудити 2025-жылдын аралыгында       Социалдык фонддун регионалдык органдарында ички аудит бекитилген пландарга ылайык жүргүзүлүүдө. Аткарылды
7-гл. 2. «Кыргыз почтасы» ААК байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсия төлөөдө тартип бузууларды аныктоо Ай сайын       “Кыргыз почтасы” ААК менен текшерүүлөрдүн биргелешкен пландары бардык 53 аймактык бөлүмдөрдө түзүлгөн. Пенсия төлөө тартибинин сакталышына     бекитилген пландарга ылайык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Аткарылды
7-гл. 3. Республиканын финансы-кредиттик мекемелеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу пайдаланышын контролдоо Күн сайын        Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо Социалдык фонд менен коммерциялык банктардын ортосунда кол коюлган келишимдердин жана ай сайын түзүлүүчү салыштыруу актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Азыркы учурда Социалдык фонд республиканын 19 коммерциялык банкы менен кызматташат. Аткарылды
7-гл. 1-п.

1-пунктчасы

4. Социалдык фонддун кызматкерлеринин эреже бузуулары, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүү үчүн жеткиликтүү каналдарды камсыз кылуу Дайыма       Ишеним телефондору, Call-центр, электрондук почта иштейт, Социалдык фонддун борбордук аппаратында жана регионалдык органдарында каттар үчүн ящиктер орнотулган, жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп жатат, 15658 кайрылуу келип түшүп, анын арасынан:

–   203 жазуу түрүндө кайрылуу;

–   508 оозеки кайрылуулар;

–   58 КРСФ жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда;

–   2541 ишеним телефонуна;

–   965 мобилдик ишеним телефонуна;

–   11383 Call-центр.

Аткарылды
7-гл. 5. Сатып алуулар жол-жоболорунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу Дайыма      Мамлекеттик сатып алуулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамынын негизинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жүргүзүлөт.

      21 конкурстук жарыянын арасынан 8 орундалды.

Аткарылды
13 9-гл. 1-п.

3-пунктчасы

1. Кызмат көрсөтүүнүн интернет-ресурстар аркылуу электрондук форматта, маалыматты

иштетүүнүн, берүүнүн жана жайылтуунун

санариптик технологияларынын негизинде башкаруу системасынын

иштеши

Постоянно       Социалдык фонд тарабынан төмөнкү автоматташтырылган маалыматтык системалар ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат:

      Социалдык фонддун ишинин маалыматтык башкаруу системасы, өзүнө жеке эсепке алуу; пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө; кирешелерди эсепке алуу; пенсияны төлөөнү эсепке алуу; башкаруучу компаниялар менен иш алып баруу боюнча функционалдык блокторду камтыйт.

      «е-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу маалыматтык системасы, Социалдык фонддо, мекеме алдындагы жана аймактык органдарында ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат.

      «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү маалыматтык системасы, Социалдык фонддо, мекеме алдындагы жана аймактык органдарында ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат.

     «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» автоматташтырылган маалыматтык системасы, Социалдык фонддун ишинин маалыматтык башкаруу системасы менен байланыштырылган (173 747 колдонуучу).

      Азыркы учурда иштеп жаткан санариптик инфраструктура аркылуу мамлекеттик кызматтар жана санариптик сервистер көрсөтүлүп жатат. Санариптик экосистема иштеп жатат.

     Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо процесстери санариптик түрдө аткарылып жатат.

Социалдык фонддун маалымат базасында:

–          төлөөчүлөр;

–          жумушчулар;

–          пенсионерлер боюнча маалыматтар бар.

     Социалдык фонд “Түндүк” ВЭӨСкө кошулган жана мамлекеттик органдарга “Түндүк” ВЭӨС аркылуу маалымат берип турат.

      Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу Социалдык фонд төмөнкүдөй электрондук кызматтарды көрсөтөт:

–          камсыздандырылган адамдын иштөө мөөнөтү жөнүндө маалымат;

–          камсыздандырылган жактын камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалымат;

–          пенсия алуучу жөнүндө маалымат;

–          пенсионердин статусу жөнүндө маалымат;

–          топтомо пенсиялык фонддон алынган маалымат.

     Социалдык фонддун маалыматы “Түндүк” ВЭӨС аркылуу 15 мамлекеттик органга, 21 коммерциялык банкка жана 21 микрокредиттик компанияга берилет. Социалдык фонд калган мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар жана микрокредиттик компаниялар менен келишимдерди түзүү боюнча мындан аркы тийиштүү иштерди алардын “Түндүк” ВЭӨС  ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында маалымат алмашуу боюнча даяр болушуна жараша жүргүзүүдө.

Аткарылды
9-гл. 1-п.

2-пунктчасы,

2-п., 11-п.

2. “Түндүк” ЭВӨС аркылуу мамлекеттик органдар, коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашууну камсыз кылуу Дайыма Аткарылды
14 9-гл. 12-п.

 

Санариптештирүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жарандарга маалымдоо Дайыма       КР Социалдык фондунун иши жөнүндө жарандарды маалымдоо жыл сайын бекитилүүчү медиа план боюнча жүргүзүлөт, ага ылайык туруктуу негизде активдүү маалыматтык иштер жүргүзүлөт. Камтуунун негизги багыттарына социалдык тармактардагы жарыялоолор, ЖМК менен өз ара аракеттенүү, Социалдык фонддун кызматкерлеринин радиостанциялардын жана телеканалдардын эфиринде чыгып сүйлөөлөрү, ошондой эле калк, билим берүү, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар арасында окутуу иш-чараларын өткөрүү кирет.

      Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып калкка көрсөтүлүүчү электрондук кызматтар жөнүндө маалымдоо бөлүгүндө, Социалдык фонддун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында 5 маалыматтык видеролик (“Түндүк” мобилдик тиркемесинде пенсиялык күбөлүгү жөнүндө, “Элкарт” картасынын колдонуу мөөнөтү, пенсия төлөөнү токтотуу ж. б.); маалыматтык карточкалар (“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу Социалдык фонддун маалымкаттарын алуу тартиби жөнүндө); 10 маалыматтык-түшүндүрүү материалдары; Социалдык фонддун ай сайын жалпыланган статистикалык маалыматтары.

       Социалдык фонддун Окуу борборунун базасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө пенсиялык сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча, анын ичинде электрондук санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана контактсыз ыкма менен кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү                  иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

       Отчеттук мезгилде угуучулардын жалпы саны 1690 болуп, алардын ичинен: студенттер жана окутуучулар – 669; уюмдар жана ишканалар – 583; орто мектептер – 438.

       Ошондой эле, Социалдык фонддун Окуу борбору тарабынан пенсия курагындагы жарандар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз практикалык курстар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат (үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 5 пенсионер үчүн).

Аткарылды
15 9-гл. 9-п. Электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу Дайыма        Документ жүгүртүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат.

       Күнүмдүк ишинде Социалдык фонддун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө киргизилген “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүүнүн маалыматтык системасы колдонулат.

Аткарылды
16 12-гл. 1-п.

2-пунктчасы

 

Коррупцияга каршы темада конференция, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү Отчеттук

жыл

мезгилинде

 

       Коррупцияга каршы темада төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:

1)       1)  Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү менен  коррупциянын алдын алуу боюнча  Социалдык фонддун өз ара аракеттенүүсү боюнча семинар;

2)       2)  Калктын Социалдык фондго ишеним индекси жөнүндө семинар;

3)       3) Коррупцияга каршы экспертиза өткөрүү тартиби боюнча;

4)    “Пара” темасына конференция;

5)    Коррупцияга каршы ишмердүүлүктүн алдыдагы максаттары боюнча семинар;

6)    Коррупцияга каршы мыйзамдардагы өзгөртүүлөр боюнча семинар.

Аткарылды
17 12-гл. 1-п.

2-пунктчасы

1. Коррупцияга каршы                           иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен

ички мониторинг жүргүзүү

 

 

Кварталдын,

жылдын жыйынтыгы боюнча

     Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор квартал сайын жана жыл сайын берилет. 2024-жылдын жана                             2025-жылдын 1, 2-кварталынын отчеттору өз убагында берилген.

     2024-жылдагы коррупцияга каршы иштердин жыйынтыгы КР Социалдык фондунун Башкармасынын жана Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйындарында угулду.

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын                                27-июнундагы № 547 тескемеси менен бекитилген коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби аткарууга алынып, иште колдонууда.

 Аткарылды
Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоо Квартал сайын       Коррупцияга каршы пландын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчеттор Социалдык фонддун расмий сайтына жайгаштырылган. Аткарылды