План 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2024-жылдын 25-июлундагы № 220 буйругу менен бекитилген

 

2025-2027-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча 

иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө 

МААЛЫМАТ

 

Мамлекеттик органдын аталышы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

Отчеттук мезгил (квартал, жыл): 2025-жылдын I кварталы

Глава1,

пункт, пунктча

Иш-чаранын аталышы Аткаруу мөөнөтү Ишке ашыруунун жыйынтыктары (жүргүзүлгөн иштер) Статус:

башталбаган; процессте; жарым-жартылай аткарылган; аткарылган; аткарылган эмес

Аткарылбай калуунун же жарым-жартылай аткаруунун себептери Иш-чараларды каржылоо 

(сумма сом менен)

Аткаруучу / бирге аткаруучу
1 2-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

Иштелип чыгуучу ЧУА жана локалдык ченемдик актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертизаны алдын ала өткөрүү  Отчеттук мезгил аралыгында Коррупцияга каршы экспертиза иштелип чыккан 91 ЧУА жана 35 локалдык ченемдик актыларга алдын ала жүргүзүлдү Аткарылды
2 2-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окутуучу тренинг өткөрүү 2025-жылдын 

1-кварталы

2025-жылдын 31-мартында фонддун региондук жана ведомстволук мекемелери үчүн окутуучу тренинг өткөрүлдү  Аткарылды
3 6-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу  тутумунун корпоративдик башкаруусун камсыздоо Отчеттук жыл мезгилинде Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу боюнча байкоо жүргүзүү кеңешинин 2 отуруму өткөрүлдү Аткарылды
6-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

2. Социалдык фонддун ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу материалдарды пресс-кызмат аркылуу чагылдыруу Отчеттук жыл мезгилинде Социалдык фонддун ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча бекитилген медиа пландын алкагында 2025-жылдын             1-кварталында туруктуу негизде активдүү маалыматтык иштер жүргүзүлдү. Негизги иш багыттары социалдык тармактардагы жарыялоолор, ЖМКлар менен өз ара аракеттешүү, ошондой эле Социалдык фонддун кызматкерлеринин радиостанциялардагы жана телеканалдардагы эфирлердеги чыгуулары кирди. Аткарылды
6-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

10-гл. 2-п.

3. Жарандык коом арасында маалыматтык- түшүндүрүү жана окутуу иштерин жүргүзүү Отчеттук жыл мезгилинде Маалыматтык-түшүндүрүү жана окутуу иштери өткөрүлүп, катышуучулардын жалпы саны 1381 адамды түздү, анын арасында: 

  • студенттер жана окутуучулар – 571;
  • ишканалардан жана уюмдардан – 213;
  • саламаттык сактоо мекемелеринен – 12;
  • орто мектептерден – 353.
Аткарылды
6-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

4. Социалдык фонддун кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм-турумунун көрүнүштөрү болгон учурларын жана көрүлгөн чаралары тууралу маалыматтарды жарыялоо  Отчеттук жыл мезгилинде Социалдык фонддун 

кызматкерлеринин

коррупциялык жүрүм-турумунун көрүнүштөрү болгон учурлар катталган жок

Аткарылды
6-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

5. Социалдык фонддун карамагында турган маалыматтарды жарандар жана уюмдар үчүн маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берүү  Отчеттук жыл мезгилинде Социалдык фонддун карамагында турган, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматтар жарандар жана уюмдар үчүн маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берилип турат. Отчеттук мезгилде жарандардын 12209, финансылык-коммерциялык мекемелердин 2710197 суроо-талаптарына маалыматтар берилди. Мекемелер аралык маалымат алмашуу келишимдери 13 мамлекеттик органдар менен түзүлгөн.  Аткарылды
6-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

6. Иштелип чыгуучу ЧУА долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыздоо Отчеттук жыл мезгилинде Иштелип чыгуучу 3 ЧУА долбоорлору коомдук талкуудан өткөрүлдү Аткарылды
7-гл. 4-п. 

1-пунктчасы

7. Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө маалыматты ачык жарыялоо Отчеттук жыл мезгилинде Отчеттук мезгилде бош вакансиялар болбогондуктан конкурстук тандоолорго жарыя берилген жок Аткарылды
9-гл. 19-п. 

1-пунктчасы

8. Коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматты расмий сайтка мезгил-мезгили менен жарыялоо Отчеттук жыл мезгилинде Отчеттук мезгилде коррупцияга каршы               иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылды: 

1) 2024-жылдагы коррупцияга каршы иштердин жыйынтыктары; 2) Коррупцияга каршы иштиктүү кеңештин (АДС) баш катчысынын кайрылуусу; 

3) коррупцияга каршы мыйзамдар, анын ичинде Кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат жаңыртылды

Аткарылды
4 5-гл. 3-п. 

3-пунктчасы

1.Кызыкчылыктар-дын кагылышынын алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуу тобокелдигин азайтуу  2025-жылдын 1-жарым жылдыгы Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга багытталган локалдуу укуктук актынын долбоорун түзүү Аткарылууда
5-гл., 3-п., 

1 жана 3-пунктчалары

2. Социалдык фонддун кызматкерлеринин кесиптик этикасын сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Ар бир жарым жылдыкта Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде  кесиптик этиканы сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат Аткарылды
5-гл. 1-п. 

3-пунктчасы

3. Кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштарды сактоосун камсыз кылуу Дайыма Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде  коррупцияга каршы жрм-турум боюнча сунуштардын сакталышына маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат Аткарылды
5-гл. 2-п. 4. Эмгекке акы төлөө шарттарын жана системасын жакшыртуу Отчеттук жыл мезгилинде Эмгек акыны жогорулатууга багытталган КР Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун демилгелөө Аткарылууда
6-гл. 3-п. 5. Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүү 2025-жыл аралыгында фактылар жаралган учурда Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар аныкталган жок Аткарылды
5 1-гл. 4-п. 

1-пунктчасы

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызмат ордуна кабыл алууга тыюу салууну киргизүү Отчеттук жыл мезгилинде Локалдык ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгуу  Аткарылууда
6 1-гл. 1-п. 

1-пунктчасы

Кызматкерлер үчүн коррупциянын алдын алууга белгиленген тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн жана милдеттердин системасын

тизмени туура структуралоо жана кеңейтүү жолу менен өркүндөтүү 

2025-жылдын 1-жарым жылдыгы Социалдык фондго кызматка кирип жаткан жарандын коррупцияга каршы чектөөлөрдүн кабыл алышы тууралу жазуу түрүндөгү милдеттенмесин жана мындай милдеттенме бербеген учурунда ишке кабыл алуудан баш тартуу же иштен бошотууну киргизүү Аткарылды 
7 1-гл. 4-п.

1-пунктчасы

Ачыктык, ак ниеттүүлүк, ырааттуулук жана натыйжалуулук принциптеринде конкурстук тандоонун, квалификациялуу адистерди жумушка дайындоонун, карьералык тепкич боюнча (кесиптик эмгегине жараша) жогорулоонун системасын өркүндөтүү  Отчеттук жыл мезгилинде “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын токтомуна тандоону өткөрүү тартиби бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү Аткарылууда
8 6-гл. 1-п.      2-пунктчасы 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Социалдык фонддун сайтында “Түндүк” ЭВӨС, электрондук “жеке кабинет” аркылуу контактсыз ыкма менен, ошондой эле КТБда көрсөтүүнү камсыз кылуу Дайыма  “Түндүк” ЭВӨС, электрондук “жеке кабинет”, КТБ аркылуу кызматтар көрсөтүлүүдө (11579) Аткарылды
9 6-гл. 1-п.      3-пунктчасы 2. Пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү республиканын финансы-кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөө Дайыма Финансы-кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөнгөн пенсиялардын үлүшү 81% (650,0 миң адам) түздү Аткарылды
10 6-гл. 3-п. 1. Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо 2025-жылдын 

1-кварталында

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча

2025-жылдын 

19-февралында 

Социалдык фонддун башкармасынын                      2024-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйынында бардык кайрылуулар (даттануулар) боюнча маалымат угулду (каралып чыккан кайрылууларда (даттанууларда) Социалдык фонддун кызматкерлеринин ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери аныкталган жок)

Аткарылды
11 7-гл. 1-п.

1-пунктчасы

1.Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбооруна коомдук талкуулоону камсыз кылуу жана жарыялоо 2025-жылдын 

2-жарым жылдыгы

Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштыруу Аткаруу мөөнөтү жете элек
2. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттун долбооруна коомдук талкуулоону камсыз кылуу  2025-жылдын 

1-жарым жылдыгы

Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттун долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштыруу Аткаруу мөөнөтү жете элек
3. Пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо Ай сайын Пенсияларды каржылоо жөнүндө маалыматтар Социалдык фонддун сайтында жарыяланып турат Аткарылды 
12 7-гл. 4-п. 1. Каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартипти сактоо аудити 2025-жылдын аралыгында Бекитилген пландарга ылайык Социалдык фонддун 6 регионалдык органдарында ички аудит жүргүзүлдү. Финансылык тартип бузуулар 2,4 млн. сом өлчөмүндө аныкталып, аудиттин жүрүшүндө 630,8 миң сом калыбына келтирилди Аткарылды
7-гл. 2. «Кыргыз почтасы» ААК байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсия төлөөдө тартип бузууларды аныктоо  Ай сайын Бекитилген пландарга ылайык текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.

5 тартип бузуулар аныкталды.

Аткарылды 
7-гл. 3. Республиканын финансы-кредиттик мекемелеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу пайдаланышын контролдоо Күн сайын Контролдоо финансы-кредиттик мекемелерде пенсияларды төлөөгө багытталган акча каражаттарынын калдыктарын жоюу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мыйзам бузуулар аныкталган жок Аткарылды 
7-гл. 1-п.

1-пунктчасы

4. Социалдык фонддун кызматкерлеринин эреже бузуулары, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүү үчүн жеткиликтүү каналдарды камсыз кылуу Дайыма  Ишеним телефондору, Call-центр, электрондук почта иштейт, Социалдык фонддун борбордук аппаратында жана регионалдык органдарында каттар үчүн ящиктер орнотулган, жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп жатат, 2275 кайрылуу келип түшүп, анын арсынан:

  • 96 жазуу түрүндө кайрылуу; 
  • 257 оозеки кайрылуулар;
  • 27 КРСФ жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда;
  • 1341 ишеним телефонуна;
  • 554 мобилдик ишеним телефонуна;
  • 5256 Call-центр.
Аткарылды 
7-гл. 5. Сатып алуулар жол-жоболорунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу  Дайыма  Мамлекеттик сатып алуулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамынын негизинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жүргүзүлөт.

14 конкурстук жарыянын арасынан 3 орундалды. 

Аткарылды 
13 9-гл. 1-п.

3-пунктчасы

1. Кызмат көрсөтүүнүн интернет-ресурстар аркылуу электрондук форматта, маалыматты иштетүүнүн, берүүнүн жана жайылтуунун санариптик технологияларынын негизинде башкаруу системасынын иштеши  Дайыма Электрондук форматта кызмат көрсөтүү, маалыматтарды иштетүү, берүү жана бөлүштүрүү санариптик технологиялардын негизинде башкаруу системасынын иштеши камсыз кылынды Аткарылды
9-гл. 1-п. 

2-пунктчасы,

2-п., 11-п.

2. “Түндүк” ЭВӨС аркылуу мамлекеттик органдар, коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашууну камсыз кылуу Дайыма  Маалымат алмашуу “Түндүк” ЭВӨС аркылуу жүргүзүлүп жатат (122029)  Аткарылды 
14 9-гл. 12-п. Санариптештирүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жарандарга маалымдоо Дайыма  Окуу борбору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында туруктуу негизде жарандарга кызматтарды контактсыз ыкма менен алуу мүмкүнчүлүктөрү маалымдалып турат Аткарылды 
15 9-гл. 9-п. Электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу Дайыма  Документ жүгүртүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат Аткарылды 
16 12-гл. 1-п. 

2-пунктчасы

Коррупцияга каршы темада конференция, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү Отчеттук жыл мезгилинде Коррупцияга каршы темада төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:

  1. Коррупцияга каршы  экспертиза өткөрүү тартиби боюнча;
  2. “Пара” темасына конференция;
  3. Коррупцияга каршы ишмердүүлүктүн алдыдагы максаттары боюнча семинар;
  4. Коррупцияга каршы мыйзамдардагы өзгөртүүлөр боюнча семинар.
Аткарылды 
17 12-гл. 1-п. 

2-пунктчасы

1. Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо үчүн 

сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен ички мониторинг жүргүзүү 

Кварталдын, жылдын жыйынтыгы боюнча Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор квартал сайын жана жыл сайын берилет.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет өз убагында тапшырылды.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы иштердин маалыматы КР Социалдык фондунун башкармасынын кеңейтилген жыйынында жана  

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу боюнча байкоо жүргүзүү кеңешинин отурумунда каралды 

Аткарылды
Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоо Квартал сайын Коррупцияга каршы пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө кварталдык жана жылдык отчеттор Социалдык фонддун расмий сайтына жайгаштырылган Аткарылды