📋 1996-жылдан кийин камсыздандыруу стажын кантип калыбына келтирсе болот?
📅 1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү максатында:
✅ Кыргыз Республикасынын жарандары;
✅ Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
✅ Юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй алышат.
💰 Төлөмдөрдүн көлөмү:
Ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго айына орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8%дан кем эмес болушу шарт.